Президент курулуш тармагы тездик менен өсүп жатканын айтты
Эл аралык каржы уюмдарынын аналитиктери 2025-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүшү 10,3 пайызга чейин жетиши мүмкүндүгүн болжолдошууда. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров "Алтай" шаарчасына мезгил кутусун салуу иш-чарасында билдирди.
"Азыркы учурда өлкөбүздө курулуш өнөр жайы өтө тездик менен өнүгүүдө. Акыркы жылдары курулуш тармагында бир кыйла өсүү байкалып, өлкөнүн булуң-бурчунда жыл сайын, ай сайын жаңы имараттар салынып, аны менен кошо жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралууда. Бүгүнкү күндө курулуш тармагы өнүгүүнүн өзөгүнө, экономиканын кыймылдаткыч күчүнө айланды. Мындай өсүшкө курулуш тармагынын активдүү өнүгүшү да себеп болууда.
Мамлекетибизде курулуш тармагындагы өсүштүн көрсөткүчү 30 пайыздын үстүндө. Бул – жүздөгөн демилгелер, миңдеген жумуш орундары, миллиондогон элибиздин келечекке болгон илгери үмүттөрү деген сөз.
“Элибиздин жашоосу оңолсун, шаарыбыз өнүксүн, атуулдарыбыз узак жылдык күтүү менен эмес, өз убагында үйлүү болсо экен” деген аруу тилектерди ар бирибиз көкүрөгүбүздө жашатып келебиз. Бир кезде биз: “Бишкек да башка өнүккөн шаарлардай болуп тикесинен өссө экен, жаңы конуштарыбыз капталына жайылбай, кабат-кабат үйлөр турса экен!” – деп кыялданчу элек. Эми ал кыялдар бүгүн чыныгы жашообуздун босогосунда турат", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:50
2025-11-20
22:07
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















