"Мага десе 10 эсе өсүп кетсин". Президент тышкы карызды ишке ашырылып жаткан долбоорлор жабарын айтты
Өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкекте "Алтай" шаарчасынын курулушуна старт бергенден кийин эл менен жолугушуу өткөрдү.
Анда президент тышкы карыз боюнча да маалымат берип, карызга салынып жаткан долбоор өздөрүн актай тургандыгын айтты.
"Кокуй эле кокуй, тышкы карызыбыз эки эсе өсүп кетти!" деп жатышат. Мага десе 10 эсе өсүп кетсин. Бирок ал алынган карыздар ар бири өзүнө тиешелүү долбооорлорго жумшалып жатат. Канча жылдан кийин болбосун, өз убагы келгенде ар бир долбоор өзү төлөп коёт. Азыр биз тышкы карызды баарыбыздын чөнтөгүбүздөн төлөп жатабыз. Мурда ал акчалар каякка кеткени белгисиз. "Китеп чыгардык, билимге жумшадык" деп эле жок кылышкан.
Азыркы долбоорлор кийин өзүн-өзү төлөйт. Темир жол өзүн төлөйт, Камбар-Ата өзүн-өзү жабат, жакында ишке берилчү таштанды заводу да өзүн актайт", - деди Жапаров.
Президент тышкы карызды ишке ашырылып жаткан долбоорлор жабарын айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео















