Мамлекеттик кызмат агенттиги айрым кызаттары үчүн ишкерлерден акы алууну көздөөдө
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттик коммерциялык уюмдар үчүн маалымат берүү кызматтарын акы төлөнүүчү кылууну пландап жатат. Себеби жеке сектордон түшкөн кайрылуулар жыл сайын көбөйүп, кошумча ресурстарды талап кылууда. Тийиштүү долбоор коомдук талкууга коюлду.
Маалым болгондой, жарандар, мамлекеттик органдар жана мамлекеттик кызматчылар маалыматты бекер ала беришет.
Төлөм алынуучу кызматтарга төмөнкүлөр кирет:
- жарандардын үй-бүлө курамы жөнүндө маалымат,
- үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны жана алардын чыныгы жашаган жери тууралуу маалымат,
- электрондук эмгек китепчесинен үзүндү,
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын статусу тууралуу маалымат.
Кошумчалангандай, түшкөн каражаттар атайын эсепке багытталып, маалыматтык системаларды өнүктүрүүгө, техникалык жабдууларды жаңылоого жана кызматкерлердин кесиптик өсүшүнө жумшалат. Мындан тышкары бул каражаттар конференциялар, семинарлар, окуу программалары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана өнөктөштөр үчүн маданий, социалдык маанидеги жана спорттук иш-чараларды уюштурууга колдонулушу мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















