Борбор Азия өлкөлөрү ЖОЖ дипломдорун таанууну макулдашууда
Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрү Жогорку окуу жайлары берген дипломдорду өз ара таануу тууралуу макулдашууга келишти. 12-ноябрда Казакстан бийлиги бул өкмөттөр аралык келишимди расмий жактырганын казак басылмалары жазышууда.
Макулдашууга ылайык, беш өлкөнүн ичиндеги аккредитациядан өткөн жана мыйзамдуу иштеген университеттердин дипломдору таанылат. Бирок диплом ээсинин алган квалификациясы жалпы талаптарга жооп бериши керек. Эгер олуттуу айырмачылыктар табылса, таануудан баш тартууга уруксат берилет.
Дипломду таануу башка Борбор Азия өлкөлөрүндө ишке орношууда, тажрыйба өтүүдө же окууну улантууда колдонулат.
Казакстан дүйнөлүк рейтингдин топ-1000ине кирген гана университеттердин дипломдорун тааный тургандыгын билдирип (QS, THE, ARWU), шарт койду. Калган төрт өлкө региондогу бардык ЖОЖдордун дипломдорун кабыл алууга макул.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















