"Аалам сулуусу - 2025" сынагынын катышуучуларына Мэри Кувакова өзгөчө белек таратты
"Аалам сулуусу - 2025" сынагынын катышуучуларына кыргызстандык Мэри Кувакова өзгөчө белек таратты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
"Аалам сулуусу" сынагына даярданып жатканда мекенимдин бир бөлүгүн - чыныгы, жылуу жана сүйүү менен жасалган нерсени ала кетким келди. Биз катышуучулар жана уюштуруучулар үчүн 16 килограмм кыргыз шоколадын даярдадык. Ар бир плиткада Кыргызстандын желеги жана "Сүйүү менен, Кыргызстан сулуусу" деген жазуу бар. Мен үчүн бул белек жөн гана таттуу эмес – бул биздин маданиятыбыз, меймандостугубуз, Кыргызстанда баары жүрөктөн жасалары жөнүндө кичинекей эскертүү. Мен ар бир кыз Кыргызстандын жылуулугун сезишин кааладым. Бул шоколаддарды берип жатып, мен үйүмдүн бир бөлүгүн: тоолорду, күндү, каада-салттарды жана биз сыймыктанган боорукерликти бердим. Жана мен муну жасай алганыма бактылуумун", - деп жазды ал.
Кувакованын айтымында, таттуулардын сыртындагы сүрөттөрүн, дизайнын өзү даярдаган.
"Аалам сулуусу - 2025" сынагынын катышуучуларына Мэри Кувакова өзгөчө белек таратты
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















