Швециялык мурдуна 81 даана ширеңке салып, Гиннесстин рекорддор китебине кирди
Швециялык 42 жаштагы Мартин Стреби 81 даана ширеңкени мурдуна салып, Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Мартиндин айтымында, анын эки баласын рекорддор китебин барактап жатып, атасынын дагы эрдиктерин ушул китептен көрүүнү кыялданарын айтышкан. Мартинге балдарынын айткан сөзү шык берген.
Ал алгач 35 ширеңкени мурдуна салып көргөн. Андан кийин дагы бир нече даанага көбөйтүп, машыгып баштаган.
"Алгач сыноо максатында жасап көрүп баштаганымда мурунду бир аз чоюу керектигин билдим. Андан кийин ширеңкенин баарын салып баштаганда эч кандай оору сезген жокмун", - деген ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















