Аткаминердин жерге түшкөн баш кийимди алганы элди суктандырды
Кечээ, 20-ноябрда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагында жаңы перинаталдык борбордун пайдубалына мезгил кутусун салуу аземи болду. Бул тууралуу Ош облусунун администрациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коомчулук катышты. Салтанаттын башында кыргыз бийин аткарып жаткан кыздардын биринин баш кийими кокусунан жерге түшүп кеткен. Бул көрүнүштү байкаган президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев дароо ордунан туруп баш кийимди жерден алып, бийчи кыздын башына кайра кийгизип койду.
Жетекчинин мындай кадамы иш-чарага келгендердин купулуна толуп, көпчүлүк тарабынан жылуу кабыл алынды. Комментарийлерде да "адамгерчилиги бийик", "ооба, баш кийим улуу нерсе, жерде калбаш керек, азаматсыз", "жөнөкөйлүк адамдын баркын көтөрөт", "мыкты жетекчи деген ушундай болот", "баш кийимди жерден алып, кагып, тазалап, кайра башына кийгизип койгонун, кандай гана жөнөкөй жетекчи" деген сыяктуу жылуу пикирлер жазылууда.
Ош облусунун башчысы бийчи кыздын жерге түшкөн баш кийимин кийгизип, элди таасирлентти
0

Супер-Инфо
super.kg видео















