Кыргызстандын сурдо дзюдо боюнча курамасы Токиодон кайтып келди
20-ноябрда Япониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарына катышкан Кыргызстандын сурдо дзюдо боюнча улуттук курама командасы кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорорунун орун басары Канатбек Молдалиев, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын орун басары Каныбек Думанаев, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын өкүлдөрү жана спортчулардын үй-бүлөсү, жакындары тосуп алды.
Команда мүчөсү Байсалбек Орозали уулу аталган оюндарда коло медаль уткан. Ал беттештердин жүрүшүндө алгачкы эки атаандашын - Венесуэла жана Япониянын спортчуларын жеңип, жарым финалда бразилиялык спортчуга утулуп калган.
Коло медаль үчүн таймашта Байсалбек Орозали уулу ирандык спортчуну таза “иппон” ыкмасы менен жеңип, үчүнчү орунду камсыздады.
Байсалбек Орозали уулу 2017-жылдан бери спорт менен алектенип келет. Угуусу начар спортчулар арасында өткөн бир катар чемпиондук жана олимпиадаларга катышып, эл аралык жана республикалык турнирлердин чемпиону жана байге ээси болуп саналат.
Анын жеке машыктыруучусу - Ильгиз Каналбек уулу. Алгачкы машыктыруучусу Бакыт Абдыкаримов.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















