Ош мэри эртең менен көчмө жыйын өткөрдү
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин жана жетекчилердин катышуусунда эртең мененки көчмө жыйын Абакир уулу Төрөбек көчөсүндө өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө Кыр-Арык (Увам) каналынын корук аймактарындагы мыйзамсыз курулуштар боюнча мурда берилген тапшырмаларынын аткарылышын жеринен текшерди.
Кыр-Арык (Увам) каналын бойлой коомдук мончо, тамактануучу жайлар, дарыкана, соода түйүндөр жана турак жайлар жайгашкан. Бул курулуштар корук зонага жайгашып калгандыктан, шаар мэри турак жай ээлери менен жеринде сүйлөшүп, жер алмашуу жолу менен кенемте болорун айтты.
Бошотулган аймакка шаар мэринин чечими менен эс алуу багы курулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















