Орусия менен Украина каза болгон аскерлеринин сөөктөрүн алмашышты
Орусия менен Украина каза болгон аскерлеринин сөөктөрүн алмашышты. Бул тууралуу кечээ, 20-ноябрда Украинанын аскердик туткундар менен иштөө боюнча Координациялык штабы өзүнүн Telegram каналында маалымдады.
Маалы болгондой, орус тарап Украинага 1000 аскердин сөөгүн өткөрүп берген. Эми жакын арада Украинанын укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү жана ИИМдин эксперттик мекемелеринин кызматкерлери алынган сөөктөрдү идентификациялайт. Бул процессте орус тараптын маалыматтары тастыкталат.
Ошол эле учурда Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги расмий булакка таянып, Украинага 1000 дененин өткөрүлүшүн тастыктады. Ошондой эле Орусия Украинадан 30 орус аскеринин сөөгүн алганын маалымдады.
Туткундар менен каза болгон аскерлердин денелерин алмашуу боюнча макулдашуулар июнь айындагы Стамбулдагы орус жана украин делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген. Мурунку алмашуу 23-октябрда өткөн.
Биринчи алмашуудан кийин, тагыраагы, июнь айында Украинанын президенти Владимир Зеленский орус тарап өткөрүп берген 20 дене Орусиянын колунда согушкан аскерлерге таандык экенин билдирген. Орусия айыптоолорду четке каккан.
Тараптар ошондой эле аскер туткундарын да алмашышкан. Алсак, октябрдын башында алар бири-бирине 185 туткун аскерди өткөрүп беришкен. Ошол эле күнү 20 жаштагы жарандар да алмашылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















