Иран суу ресурстарына байланыштуу борбор калаасын көчүрүүнү пландап жатат
Иранда борбор калааны көчүрүү тууралуу талкуу жүрүп жатат. Тегеран калктын көптүгүнө жана суу кризисине туруштук бере албай жатканын Iranintl.com сайты жазды.
Президент Масуд Пезешкиан Ирандын башка чечими жок экенин билдирди.
Акыркы учурда чоң мегаполис суу тартыштыгынан жана экологиялык көйгөйлөрдөн катуу жабыркап жатат. Кээ бир райондордо шаар жылына 30 сантиметрге чөгүп жатса ал эми суу ресурстары тез эле түгөнүүдө.
Ошондуктан бийлик борбор калааны түштүккө, тагыраагы, Оман булуңуна жакын Макран аймагына көчүрүүнү кайрадан караштырууда. Бул жерде Чабахар порту жайгашкан, Иран өкмөтү келечекте ал жерди өнүктүрүүнү каалайт.
Бирок долбоорду ишке ашыруу дээрлик мүмкүн эмес. Макран- өнүкпөгөн аймак, ошол себептен чоң суммадагы каражат талап кылынат, ал эми өлкө экономикалык кризисте жана узак жылдар бою санкция салынып келүүдө. Ошондуктан борбор калааны көчүрүү идеясы ондогон жылдар бою талкууланууда.
Эске салсак, буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп климаттык саммиттерди жана илимпоздордун жакынкы келечектеги глобалдык өзгөрүүлөр тууралуу эскертүүлөрүн алдамчылык катары сыпаттаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















