Ташиев Эне-баланы коргоо борборуна убадалаган 10 кызматтык унааны тапшырды (фото)
Бүгүн, 21-ноябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна (УЭжБКБ) барып, буга чейин убада кылынган 10 кызматтык автоунааны медициналык кызматкерлерге тапшырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев аталган борбордун 1995-жылдан бери биринчи жолу толук түрдө жаңыланган аймагын да көрүп чыкты. Аянты 4400 чарчы метр болгон тилке толугу менен кайрадан калыбына келтирилген: аймак тазаланып, тегизделип, жаңы асфальт төшөлгөн, жарыктандыргыч орнотулуп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, жаңыланган аймак кызматкерлер менен бейтаптар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды камтыйт.
Аймакты реконструкциялоо Ташиевдин демилгеси менен ишке ашкан жалгыз долбоор эмес. Буга чейин анын тапшырмасы менен борбордун аймагын Тыналиев көчөсү менен бириктирген жаңы жол курулуп, медициналык мекеменин жеткиликтүүлүгүн бир кыйла жакшырткан. Ошондой эле борборго республикада аналогу жок заманбап медициналык жабдуулар — эндоскопиялык УЗИ аппараты, бир нече жаңы УЗИ жабдуусу, видеогастроскоп, видеобронхоскоп жана видеоколоноскоп тапшырылган. Бул жабдуулар борбордун жогорку технологиялуу диагностикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти.
УКМК төрагасы борбордун кызматкерлерин жаңы кызматтык унааларга ээ болушу менен куттуктады. Дарыгерлерге жана бейтаптарга түзүлгөн шарттар калктын саламаттыгына көрүлгөн камкордук экенин белгиледи. Ошондой эле ак халатчандардын жоопкерчиликтүү жумушуна ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен аткарылган иш-чаралар Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун материалдык-техникалык базасын бекемдөөгө, медициналык кызматкерлер үчүн шарттарды жакшыртууга жана аялдар менен балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын көтөрүүгө багытталган.
УЭжБКБ — өлкөдөгү үчүнчү деңгээлдеги алдыңкы медициналык борборлордун бири. Бул жерде жыл сайын 30 миңдей бала стационардык дарылануудан өтүп, 15 миңге чейин ар кандай татаалдыктагы операция жасалат, 150 миңге жакын бала амбулатордук жардам алат, ал эми перинаталдык борбордо жылына 6 миңдей наристе жарыкка келет. Борбор туруктуу түрдө жаңы технологияларды, заманбап диагностика жана дарылоо ыкмаларын киргизип келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:32
2025-11-21
10:40
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















