super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Пакистанда заводдогу газ жарылып, кеминде 15 адам каза болду

 

Пакистандын Файсалабад шаарындагы желим заводдогу газ жарылып, кеминде 15 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, кырсык бүгүн, 21-ноябрда болжол менен таңкы саат беште болгон. Кырсыктан имарат урап, жакын жердеги курулуштарга дагы зыян келтирилген.

Учурда куткаруучулар урандылардын астынан 15 адамдын сөөгүн алып чыгышкан жана дагы бир нече адам ооруканага жеткирилген. Куткаруу иштерине бардык райондук полиция күчтөрү тартылды. Балким, каза болгондордун саны дагы көбөйүшү ыктымал.

Жергиликтүү бийлик ишканадагы кырсыкка газ түтүгүнүн жарылуусу себеп болгонун билдиришкен. Ал эми кырсыктан каза тапкандардын көпчүлүгү заводго жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундары экени айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: