super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Орусия мигранттарга милдеттүү медициналык полисин алууну татаалдаштырууда

 

Орусияда беш жылдан кем иштеген мигранттарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси берилбейт. Бул тууралуу мыйзам долбоору Мамлекеттик Думада депутаттардын колдоосун тапты.

Орусиялык басылмалардын маалыматы боюнча, ага ылайык эмгек мигранттары өлкөдө кеминде беш жыл мыйзамдуу иштеши керек. Мурда бул мөөнөт үч жыл болчу. Мыйзам чукул кырдаалдарда, жогорку квалификациялуу адистерге, жана ДСУ мүчө өлкөлөрдүн компанияларынын Орусиядагы филиалдарында, өкүлчүлүктөрүндө жана туунду компанияларында иштеген мигранттарга колдонулбайт.

Мигранттарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси — бул мамлекеттик социалдык программа алкагында акысыз медициналык жардам алуу укугун тастыктаган документ. Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: