super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКШлык рэпер Мишель Обамага мыйзамсыз акча бергендиги үчүн 14 жылга эркинен ажыратылды

 

АКШда Fugees музыкалык тобунун мүчөсү, "Прас" деген ат менен белгилүү рэпер Праказрел Мишель, мурдагы президент Барак Обаманын 2012-жылдагы шайлоо кампаниясына чет өлкөлүк ишкерден келген миллиондогон долларлык кайрымдуулукту мыйзамсыз жолдор менен которгону үчүн 14 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, Грэмми сыйлыгынын ээси Мишель, малайзиялык ишкер Лоу Таек Жходон алган 120 миллион доллардан ашык акчанын бир бөлүгүн 2012-жылы Обаманын президенттик кампаниясына мыйзамсыз жолдор менен которгону боюнча соттун чечими чыкты. Чечимге ылайык, акча которуу "чет өлкөлүк жарандан жасалган саясий кайрымдуулук" катары аныкталгандыктан, Мишель күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылды.

Сотто прокурорлор федералдык жаза өтөө көрсөтмөлөрү Мишель үчүн өмүр бою эркинен ажыратууну сунуштаганын, Мишель "акча үчүн өз өлкөсүнө чыккынчылык кылганын" жана пландарын ишке ашыруу үчүн өкүнбөстөн жана талыкпастан калп айтканын билдиришти. Ата-энеси Гаитиден АКШга көчүп келген, Нью-Йоркто төрөлгөн Мишель, балалыктагы достору Лорин Хилл жана Вайклеф Жан менен Fugees музыкалык тобунун негиздөөчүсү катары белгилүү. Топ эки Грэмми сыйлыгын жеңип алган жана он миллиондогон альбом саткан.

АКШ мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө кандайдыр бир саясий кайрымдуулук же салым кошуусу кылмыш болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: