Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү сунушталууда. Демилгелеген мыйзамда эмнелер камтылган?
Кылмы-жаза кодексине уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Президенттик администрация иштеп чыккан документ коомдук талкууга чыкты.
Анда "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу", "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" жана "Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу" беренелеринде каралган кылмыштар жасалган учурда эскирүү мөөнөтүн колдонбоо сунушталган.
Ошондой эле документте кылмыштуу коомдоштуктун же трансулуттук уюшкан топтун курамында кылмыш жасалган учурда жазаны күчөтүү каралган.
Андан сырткары Кылмыш-жаза кодексин "Трансулуттук уюшкан топту же трансулуттук кылмыштуу коомдоштукту (бирикмени) уюштуруу, аларды жетектөө же ага катышуу", "Криминалдык иерархияда таанылган абалы бар кылмыштуу жосунду жасаган адам тарабынан кылмыштын жасалышы", "Криминалдык идеологияны пропагандалоо", "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга же көбөйтүүгө катышуу" беренелери менен толуктоо сунушталган.
Мыйзамда прокурордун, тергөөчүнүн же ыкчам-тергөө органдарынын ишине кийлигишүү жана тоскоол кылуу үчүн жоопкерчиликке тартуу, далилдердин бурмаланышы үчүн кошумча жоопкерчиликтин каралышы да бар.
"Уюшкан кылмыштуулук коомдук, экономикалык жана саясий турмушту туруксуздаштыруучу, коомдун саламаттыгын чыңдоо боюнча социалдык-экономикалык реформаларды жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуучу негизги факторлордун бири болуп саналат. Уюшкан кылмыштуулук Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна, коомдук тартибине жана экономикалык өнүгүүсүнө негизги коркунучтардын бири бойдон калууда.
Акыркы жылдары коррупцияны, баңгизаттарын сатууну, контрабанданы, опузалоону жана туруктуу кылмыштуу топтор тарабынан жасалган кылмыштардын башка түрлөрүн кошо алганда, уюшкан кылмыштуу иштин көрүнүштөрдүн өсүүсү байкалууда", - деп айтылат документтин негиздеме-маалымкатында.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















