Билол Шарип уулу VI Ислам шериктештиги оюндарында коло медаль жеңди
Билол Шарип уулу VI Ислам шериктештиги оюндарында коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.Маалыматка ылайык, 65 килограмм салмак категориясында күч сынашкан эркин күрөшчү алгач палестиналыкты жеңип, чейрек финалда тажикстандык балбанга утулуп калган. Бирок ал көңүл жубатуучу беттеште тунистиктик атаандашын жеңип, үчүнчү орун үчүн болгон беттеште бахрейндикти уткан.
Шарип уулу буга чейин да Сербияда өткөн жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















