Такси кызматынын лицензиясын текшерүү кийинки жылдын 1-февралына чейин узартылды
Таксилердин лицензиясын текшерүү кийинки жылдын 1-февралына чейин узартылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.Мекеме такси кызматынын айдоочулары тарабынан лицензия алууда узакка созулган кезек жаралып, белгиленген мөөнөткө үлгүрбөй жаткандыгы тууралуу кайрылуулар келип түшкөнүн белгиледи.
"Жогорудагы кайрылууларды эске алып, бүгүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Азенбек Козукеев лицензия алып жаткан такси кызматындагы айдоочулар менен жеринде жолугуп, узакка созулган кезекти жоюу, кызматкерлерге айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү тапшырмасын берди", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин такси кызматындагы айдоочулардын лицензиясын текшерүү 1-декабрда башталары айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
19:43
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















