Трамп Нью-Йорк шаарынын мэри болуп шайланган Мамдани менен жолугушуу өткөрдү
АКШнын президенти Дональд Трамп Нью-Йорктун мэри болуп шайланган Зохран Мамдани менен Ак үйдө жолугушуу өткөргөнүн чет элдик басылмалар жазышты.
Жолугушуудан кийин президент журналисттерге Мамдани Нью-Йорктун мыкты мэри болот деген үмүтү бар экенин айткан. Ошондой эле Трамп мэрдин ишине кийлигишпей турганын белгилеп, аны менен тил табышканын билдирген.
"Биз мен ойлогондон да көп нерсе боюнча макулдаштык. Мен анын жакшы иштешин каалайм жана биз ага жардам беребиз", - деген ал.
Мындан тышкары Трамп Мамданини “жихадчы” деп эсептебей турганын белгилеген. Өз кезеинде Мамданинин шаардагы еврейлердин коопсуздугу үчүн тийиштүү чараларды көрөрүн айткан.
Белгилей кетсек, 4-ноябрда Нью-Йорк шаарынын мэрлигине болгон шайлоодо Демократтар партиясынан талапкер Мамдани жеңишке жеткен. Мунун менен ал шаар тарыхындагы алгачкы мусулман мэр болуп калды. Шайлоодон кийин Трамп менен Мамданинин ортосунда саясий чыңалуу жаралган. Алар бири-бирине сын айтышкан. Израил Мамданинин жеңишинен кийин еврейлерди Нью-Йорктон чыгып кетүүгө чакырган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















