super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кайра өчүрүлгөн видео... Шайлообек Атазовдун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү айтылды

 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов Facebook баракчасында милиция кызматкерлери үйүнө кирип келишкенин билдирип, видео жарыялады. Бирок ал көп өтпөй эле видеону өчүрүп салды.

Анда милиция кызматкерлеринин ага кылмыш иши козголгонун айткандарын угууга болот. Бирок окуя эмне менен аяктаганы видеодо толук көрсөтүлгөн эмес.

"Азаттык" Атазовдун Бишкектеги үйүндө тинтүү жүргөнүн жазып чыкты. Басылмага муну Ички иштер министрлиги да тастыктап, тинтүү иштери аяктаганын билдирген.

Бирок ИИМ азырынча расмий маалымат тарата элек.

Айта кетсек, Атазов быйылкы кезексиз парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз жазган. Бирок БШК аны уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адам катары ИИМдин каттоосунда болгонун жана 260 күн өлкөдөн тышкары жүргөнүн жүйө келтирип, талапкер кылып каттоодон баш тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: