Динмухамед Бигелдиев XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарында коло медаль утту
Динмухамед Бигелдиев Японияда өтүп жаткан XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.Маалыматка ылайык, ал турнирге 67 килограммга чейин салмак категориясында күч сынашкан. Спортсмен мелдешти 1/8 финалдан баштап, алгач Андрей Самаринге 2:5 эсебинде жеңилип калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыктан Бигелдиев көңүл жубатуучу беттешке жолдомо алган. Чейрек финалга чыгуу үчүн болгон беттеште ал Дилиан Димитров-Степановду 8:0 эсебинде жеңип алган.
Ал эми 3-орун үчүн таймашта армениялык Жора Григорянды 8:0 эсебинде утуп алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















