XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарынан дагы бир коло байге өлкө капчыгында
Нарту Абдрахманов Японияда өтүп жаткан XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.Маалымдалгандай, 97 килограмм салмак категориясында катышкан балбан 3-орун үчүн беттеште азербайжандык Ислам Рзаевди жеңип алды.
Буга чейин XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн Динмухамед Бигелдиев коло байгеге татыганы маалымдалган. Ал эми күрөштүн ушул эле түрүнөн Смадияр Жумакадыров алтын медаль утуп алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















