Бишкек мэриясында иштегендерге Жаңы жылдык корпоратив өткөрүүгө тыюу салынды
Бишкек шаарынын мэриясы мекемеге караштуу бардык бөлүмдөргө жаңы жылдык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизгенин билдирди.
Маалымдалгандай, чектөө ашыкча чыгымды алдын алуу жана коомдук тартипти сактоо максатында киргизилген. Анда Жаңы-жылдык иш-чараларды өткөрүүгө, ал үчүн акча чогултууга тыюу салынган.
Майрамдык иш-чараларды адиминистративдик жайларда гана кызматкерлерди куттуктоо жана жыл жыйынтыгы боюнча сыйлыктарды тапшыруу менен өтөрүүгө уруксат берилген.
Калаа бийлиги мэриянын тутумундагы бардык мекеме-уюмдардын жетекчилерине корпоративдик иш-чараларды өткөрүүгө жол бербөөнү камсыздоо тапшырмалары берилгенин кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:07
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















