super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Шайлоодон кийин башаламадык уюштурууну көздөгөн делип 10 адам кармалды

 
Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин массалык башаламандыктарды уюштурууну көздөгөн деген шек менен 10 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Министрлик алардын арасында саясий ишмерлер, парламенттин мурдагы депутаттары, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери бар экенин жана алар төңкөрүш жасоо үчүн өз тарапташтарын, уюшкан кылмыштуу топторду жана спортчуларды катарына тартышканын белгиледи.
Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин түштүктөн баштап Бишкекте жана башка облустарда массалык нааразылыкты жаратып, өлкө боюнча бир катар митингдерди өткөрүүнү пландашкан. Алардын административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарактарды жана абак жайларын басып алуу ыктымалдыгы болгон.
"Координациялык топтор" саясий талаптарды коюуга тийиш болсо, кылмыштуу түзүмдөр күч колдонуу жагын камсыздамак. Айрым катышуучулар өздөрү үчүн келечектеги кызмат орундарын алдын ала бөлүштүрүп алышкан. Тинтүү учурунда курал-жарактар, ок-дарылар, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер, иш-аракеттер пландары жана баңгизаттар табылган", - деп айтылат маалыматта.
Натыйжада, шектүү делип кармалган 1963-жылы туулган А.У., 1998-жылы туулган С.Т., 1979-жылы туулган А.Ш., 1983-жылы туулган Э.Э., 1984-жылы туулган М.Д., 1986-жылы туулган Ш.Т., 1993-жылы туулган А.К., 1993-жылы туулган А.у.Э, 1993-жылы туулган К.Н. жана 1970-жылы туулган К.К.га Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (Зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда кылмыш ишинин алкагында топтун башка катышуучуларын жана анын ишмердүүлүгүн каржылагандарды аныктоо боюнча бир катар тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
ИИМ жарыялаган шектүүлөрдүн сүрөттөрүнөн Темирлан Султанбековду, Жогору Кеңештин мурдагы депутаттары Шайлообек Атазовду, Кубанычбек Кадыровду, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевди, саясатчы Урмат Барктабасовду, Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Дамир Мусакеевди жана Эрмек Эрматовду көрүүгө болот.





Шайлоодон кийин башаламадык уюштурууну көздөгөн делип 10 адам кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: