Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип кармалган Кумарбектин мурдагы жасаган кылмышы үчүн өкүм чыгарган Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы Кайсын Абакиров президент Садыр Жапаровго кайрылды.
Ал өзүнө жана Жаңыл Мамбеталы менен Сания Бранчаеваны жоопко тартууга макулдук берүүдө Судьялар кеңеши тарабынан мыйзам бузуу болгонун белгиледи. Ошондой эле Абакиров башкы прокурордун сунуштамасында так далилдер келтирилбегенин айтат.
"Судьялар кеңешинин отуруму негиздүү түрдө 28-ноябрга, кылмыш ишин талап кылуунун зарылдыгына жана экс-судьялардын биринин ден соолугуна байланыштуу кийинкиге жылган. Бирок төраганын орун басарынын көрсөтмөсү боюнча кеңеш регламентти одоно бузулуп, отурум ошол эле күнү, 21-ноябрда, саат 17:00гө кайра дайындаган. Мындай иш-аракеттер кеңештин иши жол-жобосунун калыстык принцибине шек келтирет.
Башкы прокурордун сунуштамасында жана иштин материалдарында мурдагы судьялар тарабынан коррупциялык иштердин, опузалап талап кылуунун же пара алуунун түздөн-түз далилдери такыр келтирилген эмес. Бишкек шаардык сотунун 2016-жылынын 12-майындагы өкүмүнүн жаңы жагдайлар боюнча жокко чыгарылышы судьялардын билип туруп адилетсиз өкүм чыгаргандыгынын далили эмес. Бардык сот актылары жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралышы мүмкүн, бул стандарттуу сот практикасы жана бул көрүнүш күнөөнү ырастоо жана мыйзамды бузуу фактысы катары талкууланбашы абзел.
Соттук коллегия талкууланып жаткан өкүмдү чыгарууда ошол кездеги мыйзамдардын алкагында жана жабырлануучунун утурлама арызын, соттук-медициналык экспертизанын корутундусун жана айыпталуучунун аракеттерин каракчылыкка жана адам уурдоого кайра квалификациялоо жөнүндө өтүнүч берген мамлекеттик айыптоочунун (прокурор) позициясын кошуп, иштин берилген материалдарын толугу менен жетекчиликке алгандыгын белгилей кетүү маанилүү.
Көрсөтүлгөн өкүмгө эч ким даттанган эмес. Анткени прокурордун позициясы Бишкек шаарынын прокуратурасынын жетекчилиги, Башкы прокуратурасы менен макулдашылган. Ошентип, жогорудагы өкүм чыгарылган учурда мыйзамдуу жана негиздүү болгон.
Бул кылмыш жоопкерчилигинин саясий контексти өтө тынчсызданууну жаратат. Экс-судьялар Бранчаева жана Жаңыл Мамбеталы буга чейин Садыр Жапаровго жана Камчыбек Ташиевге карата кылмыш иштерин кароого катышканы белгилүү. Көрсөтүлгөн жагдайлардын жыйындысы экс-судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартууну ар кандай саясий күчтөр тарабынан бийликти жеке өч алуу катары каралоо үчүн колдонулушу мүмкүн деген кооптонууну жаратат", - деп жазды ал Facebook баракчасына.
Абакиров өлкө башчыдан алардын ишин кароону жеке көзөмөлүнө алууну, Жаңыл Мамбеталы менен Сания Бранчаеванын улгайган курагын эске алуу менен эркиндигинен ажыратууга байланышпаган бөгөт коюу чарасын тандоону, объективдүү, көз карандысыз жана калыс иликтөөнү камсыз кылуу, аны саясатташтырууга жана сот адилеттигине байланышпаган максаттарда пайдаланууга жол бербөөнү өтүндү.
Эске салсак, Судьялар кеңеши 21-ноябрда Бишкек шаардык сотунун мурдагы үч судьясын кылмыш жоопкерчилигине
тартууга макулдук берген. Алар Айсулуунун өлүмүнө шектелип кармалган Кумарбектин мурунку жасаган кылмыш ишинде анын жоопкерчилигин жеңилдеткен деп айыпталууда.
Муну негиз кылып баш прокурор Судьялар кеңешинен аларды Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция", "Пара алуу", "Опузалап пара алуу", "Пара алууда ортомчулук кылуу", "Пара берүү" жана "Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу" беренелери боюнча жоопкерчиликке тартууга уруксат берүүнү суранган.
Кумарбек тууралуу жарыяланган материалда 2015-жылы шектүүнүн кордугуна кабылган кыз боюнча ачылган иште ага 12 жыл эркинен ажыратуу жазасы берилгени, кийин Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы тарабынан сот өкүмү жеңилдетилип, ал 7 жылга
кесилгени айтылат.