Айсулуунун өлүмүнө шектүү Кумарбек сотторго пара берилгенин айтты
Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектелип кармалган Кумарбек Абдыров мурда жасаган кылмыш ишин кароодо сотторго 10 миң доллар пара берилгенин айтып берди.
ЭлТР телеканалы жарыялаган материалда ал тергөөдө сотторго жактоочусу аркылуу аталган сумманы беришкенин, ал акча карындашынын калыңына келгенин айтат.
Буга чейин Судьялар кеңеши Кумарбектин мурдагы кылмыш ишин караган Бишкек шаардык сотунун мурдагы үч судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Аларга Кумарбекке мурунку жасаган кылмыш ишинде жазасын жеңилдеткен деген айып тагылууда.
Аны негиз кылып, баш прокурор Судьялар кеңешинен аларды Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция", "Пара алуу", "Опузалап пара алуу", "Пара алууда ортомчулук кылуу", "Пара берүү" жана "Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу" беренелери боюнча жоопкерчиликке тартууга уруксат берүүнү суранган.
Айып тагылып жаткан үч сүдьянын бири, Кайсын Абакиров президент Садыр Жапаровго кайрылып, Кумарбекке карата чыккан өкүм мыйзамдуу болгонун белгилеп, алардын ишин кароону жеке көзөмөлүнө алууну өтүндү.
Кумарбек тууралуу мурда жарыяланган материалда 2015-жылы шектүүнүн кордугуна кабылган кыз боюнча ачылган иште ага 12 жыл эркинен ажыратуу жазасы берилгени, кийин Бишкек шаардык сотунун 3 судьясы тарабынан сот өкүмү жеңилдетилип, ал 7 жылга кесилгени айтылат.
Айсулулуунун өлүмүнө шектүү Кумарбек мурунку кылмыш иши каралып жатканда пара берилгенин айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















