super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстан, Казакстан, Өзбектсан суу жана энергетикалык кызматташтык боюнча макулдашышты

 

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан суу жана энергетика тармагында кызматташуу, өз ара колдоо көрсөтүү боюнча макулдашууга жетишишти. Энергетика министрлиги тараптар мындай макулдашууга кечээ, 22-ноябрда Алматы шаарында өткөн жыйында жетишишкенин билдирди.

Ага ылайык, Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстанга күз-кыш мезгилинде электр энергиясын беришет. Бул кыргыз тарапка кышында электр энергиясын өндүрүүнү азайтып, Токтогул суу сактагычында суу топтоо мүмкүнчүлүгүн түзөт. Топтолгон суу вегетация мезгилинде Казакстан менен Өзбекстанга берилет.

"Токтогул суу сактагычындагы оор кырдаалды эске алуу менен жолугушуунун катышуучулары электр энергиясын өз ара камсыздоодо бири-бирине колдоо көрсөтүү жана жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүү жана алдыдагы вегетация мезгилине даярдык көрүү боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоону макулдашты", - деп айтылат маалыматта.

Жыйын соңунда 2026-жылдын вегетациялык мезгили үчүн кышкы электр энергиясын жеткирүү көлөмдөрүн жана сууну топтоо милдеттемелерин мыйзамдык түрдө бекиткен үч тараптуу протоколго кол коюлган.

Жолугушууга кыргыз тараптан энергетика министри Таалайбек Ибраев менен суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча министрдин орун басары Алмаз Жээналиев катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: