super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте "Евразия" уюмунун колдоосу менен алгачкы ирет орус тили жана маданияты борбору ачылды

 

Бишкектин так борборунда "Евразия" коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулган Орус тили жана маданияты борбору ишке берилди. Эми каалоочулар үчүн бул борбор эшигин ачып, билим жаатындагы негизги багыттарга мүмкүнчүлүк берүүнү колго алды.

Эркиндик бульвары №30/1 дарегинде жайгашкан борбор заманбап маданий класстар болуп саналат. Анын алкагында бир катар багыттар ишке кирет:

  • орус тилин заманбап методдор менен үйрөтүү;
  • акын-жазуучулар, илимпоздор менен жолугушуулар;
  • автордук жана тарыхый тасмалардын көрсөтүлүшү;
  • чыгармачылык өнүгүү үчүн аянтча;
  • арт-терапия ийримдери.

Жаңы платформа маданият менен билимди бириктирип, ар кандай курактагы жана кызыгуусу бар жарандар үчүн жеткиликтүү мейкиндикке айланат деп күтүлүүдө.

Борбордун кызыл тасмасын кесүүгө Орусиянын жана Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү катышты. Алар Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, Орусиянын ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова, Орусия президентинин стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын жетекчиси Вадим Титов, Мамлекеттик Думанын депутаты, «Евразия» уюмунун төрайымы Алёна Аршинова, ошондой эле Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары Альберт Махметкулов катышты.

Борбордун ачылышында "Евразия" уюмунун башчысы, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алёна Аршинова сөз сүйлөп мекеменин ишмердүүлүгү акысыз алып барыларын белгилеп, кыргыз жана орус тилдери илгертен бери жанаша келе жаткан тилдер экендигин белгиледи.

"Кыргызстан жөн гана өнөктөш эмес — бул биздин баалуулуктар жана стратегиялык көз карашыбыз дал келген мамлекет. Бир жылдан ашуун убакыттан бери “Евразия” уюму республика менен бирге системалуу иш жүргүзүп келет. Бул мугалимдерди колдоо, билим берүү форумдары, квалификацияны жогорулатуу курстары, “Евразиялык педсовет” долбоору аркылуу мугалимдердин кесиптик жамаатын түзүү. Биздин программаларга кыргызстандык жана россиялык педагогдор катышып, тажрыйба алмашып, квалификациясын жогорулатып, орус тилде окутуунун заманбап практикаларын бирге калыптандырууда. Орус тили жана маданияты боюнча Евразиялык борборду ачуу — бул кеңири масштабдагы иштин уландысы. Борборлор — ар бир адам үчүн жеткиликтүү уникалдуу мейкиндик. Бул жерде үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү өзүнө ылайык багыт табат. Орус классикасын окуудан тартып чыгармачыл мастер-класстарга чейин. Орус тили биздин өлкөлөрдү байланыштырып, жаңы билим берүү жана маданий демилгелерди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп келет", — деди Алёна Аршинова.

Мындан тышкары, ал мындай борбор жакынкы аралыкта Нарын облусунда ачыла тургандыгын билдирип, алдыда бардык аймактарды камтуу аракеттри жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Мындан тышкары, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси мындай багыттагы ачылыштар эки өлкөнүн мамилесин мындан ары да жогорулатууга негиз болорун белгилеп, дагы жаңы ачылыштарды көбөйтүү кажет экендигин билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова аталган борборго эки өлкөнү мамилелеринин алкагындагы баттыр камтылган китептерди белек катары жибере тургандыгын билдирип, ар тармактын белгилүү адамдары менен аталган борбордун катышуучуларынын ортосунда онлайн жолугушууларды уюштурууну убада кылды. Ошондой эле борбор каалоочулар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү берип жаткандыгын баса белгиледи.

"Бул борбор жаштарга жана каалоочуларга өз эшигин кенен ачып, аларга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет. Эки тилде эркин сүйлөөгө багыт берип гана жөн болбостон, алардын маданиятына сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Адамдар өздөрүн котормочу, изилдөөчү, дипломат, эл аралык багыттагы кесиптин ээси болууга да түркү бере ала турган борбор боло алды”, - деди Захарова.

Орусиянын ТИМинин өкүлү борбордогу билим алып жаткан жаштар менен баарлашкан соң, кол өнөрчүлүк боюнча да апасынын китептерин, анын жасаган буюмдарын борборго белек катары берип жибере тургандыгын айтты. Ошондой эле бул мейкиндиктеги жаштар эркин жана билимдүү экендигине суктанды.

Ал эми Кыргызстандын билим берүү министринин орун басары өлкөдө орус тилге болгон кызыгуу миграцияга, дүйнөлүк интригацияга байланыштуу масштабдуу экенин белгилеп, Түштүк аймагындагы маселелерди козгоду.

"Орус тили расмий тил болгондуктан бизге жакын. Аны үйрөнүүнү каалагандар көп. Өзгөчө түштүк тараптагы аймактарда кызыгуу арбын экендигин жакында эле барып келгенде байкалды. Ал жакта мугалимдер орус тили боюча кошумча класстарды ачуу сунушун беришти. Демек бул багытта чогуу иштер алдыда. Ишке ашыруучу долбоорлор да көп. Ошондой эле мектептерди аяктаган окуучулардын да Орусиядагы жогорку окуу жайларына тапшырып жатканы көп байкалат. Анткени орус тили жеткиликтүү болуп, кызыгуу артылууда. Ал эми бул борборго келсек орус тилин, маданиятты үйрөнүү менен катар инклюзия да негизги ролду ойноп жатат. Анткени бардык категориядагы жарандарга бирдей мамиле кылууну колго алуу болууда. Бул да негизги багыттардын бири", - деди Альберт Махметкулов.

Евразиялык орус тили жана маданият борборунда системалуу негизде беш тематикалык клуб бирикмеси иштейт.

Алар:

  • Евразия лидерлер ассоциациясы;
  • Евразия кинематографисттеринин эл аралык ассоциациясы;
  • Орус тили жана адабияты мугалимдери үчүн методикалык борбор;
  • Педагогдордун кесиптик өсүү мектеби;
  • Инклюзияны колдоо борбору.

Борбордо ондон ашык ар кандай багыттагы кошумча билим берүү программалары ишке ашат. Бир убакта 200дөн ашык адамды кабыл ала алат. Баары акысыз.

Маалымат үчүн: "Евразия" уюму — эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү автономдуу коммерциялык эмес уюм, ал салттуу баалуулуктарды сактоого жана улуттар аралык баарлашууну өнүктүрүүгө багытталган гуманитардык долбоорлорду ишке ашырат. Ал социалдык маанилүү демилгелерди колдоп, ар түрдүү маданияттагы адамдарга баарлашууга мүмкүнчүлүк түзөт, билим берүү, медицина, жаштар арасында тажрыйба алмашуу долбоорлорун өнүктүрөт.






Бишкекте Орус тили жана маданияты борбору ачылды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: