БШК шайлоочулардын акыркы тизмесин жарыялады
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берүүчүлөрдүн биротоло тизмесин “Тизме" порталына жайгаштырды.
Шайлоочулардын тизмелери ушул жылдын 25-ноябрына чейин 2492 шайлоо тилкелеринде илинет. Акыркы тизмеде 4 294 243 шайлоочу бар, анын ичинен:
- эркектер – 2 081 514, же 48,47 пайыз;
- аялдар – 2 212 729, же 51,52 пайыз.
Жашы боюнча:
- 18 жаштагылар – 104 693, же 2,44 пайыз:
- 19-35 жаштагылар – 1 707 851, же 39,77 пайыз;
- 36-45 жаштагылар – 923 975, же 21,52 пайыз;
- 46-55 жаштагылар – 650 851, же 15,16 пайыз;
- 56-65 жаштагылар – 528 771, же 12,31 пайыз;
- 66 жаштан жогоркулар – 378 102, же 8,80 пайыз.
Эске салсак, шайлоочулар тизмеден өздөрүн төмөнкүдөй жолдор менен тактаса болот:
- 1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;
- шайлоо участкасына барып;
- “tizme.gov.kg” сайтында;
- же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат. SMS жана чалуулар акысыз.
Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















