Ош мэри айыл элинин маселелерин угуп, кээ бирлерин жеринде чечти
Ош облусунун Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Сары-Зоо конушунун жашоочулары Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевге айылдын бир канча көйгөйлөрү боюнча кат жүзүндө кайрылган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ошондой эле мэр жашоочуларды кабыл алып, көйгөйлөрүн уккан. Калаа башчы айтылган маселелерди жеринен тийиштүү кызматтар менен жеринде барарын айткан.
Ага ылайык мэр Жеңишбек Токторбаев жана шаардагы тийешелүү мекеме-ишкана жеткечилери Сары-Зоо айылынын жашоочулары менен жеринде жолугушуп жыйын өткөрдү.
Жыйында жергиликтүү жашоочулар тарабынан бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү. Негизги маселе катары, таза суунун жоктугу, жолдордун абалынын начардыгы, социалдык көйгөйлөрдүн көптүгүн белгилешти. Балдары бала бакчага, мектепке барууда кыйынчылыктар болуп жаткандыгын, коомдук маршруттук каттамдардын аздыгы боюнча маселелерди көтөрүштү.
Алардын суроолоруна мэр жана тийиштүү мекеме ишканалардын жетекчилери жеринде жооп берди жана кээ бир көйгөйлөрүн ордунда чечти.
Алсак, мэр бүгүн, дүйшөмбү күнү мектепке каттаган балдар үчүн бир автобус жана 18 орундуу кичи маршрут белек кыларын айткан. Ошондой эле айылды негизги жол менен бириктирген көчөгө көпүрө куруп, жолду кеңейтип бермей болду.
Жыйындын соңунда тийешелүү мекеме-ишканаларга өздөрүнө тиешелүү жумуштарды алып баруу тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:36
2025-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















