Ырчы Аваз Акимов бир туугандары менен атасына унаа белек кылышты
Белгилүү ырчы Аваз Акимов бир туугандары менен атасына унаа белек кылышты. Бул тууралуу жубайы, ырчы Айдана Дека социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, бардык бир туугандар чогулуп, айылга барып, ата-энесине белектерин тапшырышкан. Атасы менен апасы балдарынын чогулганына сүйүнүп, унааны байкашкан эмес. Андан соң ата-энесинин белекти көргөндөн кийинки эмоциясын видеодон көрүүгө болот.
"Шүгүрчүлүккө толгон күн! Жараткан ар бир адамга ата-энесинин тилегин аткарганга күч-кубат, мүмкүнчүлүк берсин. Ата-энебиздин жүзүндөгү кубаныч – биз үчүн эң чоң белек. Ушул бакыт узакка созулсун. Ата-эненин кубанычы – баланын ырысы", - деп бөлүштү ырчы айым.
Аваз Акимов бир туугандары менен атасына унаа белек кылышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















