super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

“Мурас” комплексинде жакын арада 1080 батир пайдаланууга берилет (видео)

 

Кечээ, 23-ноябрда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан “Мурас” мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексине барып, жүрүп жаткан иштери менен жеринен таанышты.

Алгач ал мурда бүткөрүлгөн иштерге токтолуп, биринчи этапта 986 батир пайдаланууга берилгенин, учурда бул батирлерде тургундар жашап жатканын белгиледи. Андан кийин Туманбаев ушул жылдын аягына чейин дагы 1080 батирди толук бүтүрүп, жакын арада пайдаланууга берүү пландалып жатканын айтты.

Ошондой эле ал комплекстеги калган блокторду келерки жылдын аягына чейин толук бүткөрүү пландалып жатканын баса белгиледи. Натыйжада “Мурас” мамлекеттик ипотекалык турак жай комплексинде жалпы 4 754 батир курулат.

Иш сапардын жүрүшүндө Каныбек Туманбаев подрядчы компанияларга сапат маселесине өзгөчө көңүл буруу боюнча талап койду. Ал мамлекеттик ипотекалык үйлөрдө адамдар узак жылдар жашай турганын айтып, “сапат эң башкы орунда турушу керек” деди.

Мындан тышкары, ал комплекстин аймагында орнотулган Европадан алып келинген заманбап автономдук откананы өзүнчө белгиледи. Бул Кыргызстанда сейрек колдонулган, энергияны үнөмдүү, коопсуз жана туруктуу жылытуу берген жогорку технологиядагы система.

“Мурас” турак жай комплекси Мамлекеттик ипотекалык компаниянын эң ири долбоорлорунун бири болуп, жарандарды жеткиликтүү жана сапаттуу ипотекалык үйлөр менен камсыз кылууга багытталган.






Мамлекеттик ипотекалык үйлөр: “Мурас” комплексинде жакын арада 1080 батир пайдаланууга берилет

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: