Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган айдоочуга айып салынды (видео)
Бишкек шаарында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда 20 жаштагы жаран айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдап жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
Текшерүүдө айдоочу таптакыр айдоочулук күбөлүк албаганы белгилүү болду. Тиешелүү тартиптик чаралар көрүлүп, унаа айып короо жайына токтотулду. Мыйзамга ылайык, жаранга 15 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
ЖКККББ жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында мындай рейддер мындан ары да улантыларын билдирип, бардык айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Айдоочулук күбөлүк албай унаа башкарган айдоочуга 15 миң сом айып салынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















