Президенттин атынан Оштогу мектептерге 62 даана интерактивдүү панелдер тапшырылды
Бүгүн, 24-ноябрда Ош шаарынын №41 Х.Абдуллаев жана №1 Федченко атындагы мектептерге Садыр Жапаровдун атынан интерактивдүү панелдер тапшырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Жалпы 12 миллион 400 миң сомдук 62 даана интерактивдүү панель жеткирилди.
Жабдууларды Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тапшырып, бул камкордук мугалимдер үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин белгиледи. Учур талабына жооп берген, мугалимдин ишин жеңилдеткен, окуучунун кызыгуусун арттырган мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү – бүгүнкү күндүн негизги милдети экенин кошумчалады.
Буга чейин 8 билим берүү мекемесине 14 интерактивдүү панель берилген. Алдыда дагы өлкө башчынын атынан заманбап жабдык менен камсыздоо улантылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















