Бишкектин жана Чүйдүн айрым көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет
25-27-ноябрь күндөрү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүндө унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.Убактылуу чектөөлөр Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын өткөрүлүшүнө байланыштуу киргизилмекчи.
Төмөндө чектөө киргизилчү көчөлөрдүн тизмеси:
- «Манас» эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;
- Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып, Чүй проспектисине чейин;
- Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып, чыгышты карай Манас проспектисине чейин;
- Манас жана Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;
- Абдрахманов, Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн айрым бөлүктөрү.
Мындан тышкары транспорттук басымды азайтуу максатында мектептер менен жогорку окуу жайлар убактылуу онлайн окутууга өткөрүлөт.
"Ички иштер министрлиги жарандарды мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, зарыл болбосо оор жүк ташуучу унаалар менен жолго чыкпай турууга жана жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, Жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.
Киргизилип жаткан чектөөлөргө байланыштуу унаа кыймылын алдын ала мерчемдеп алууну суранабыз. Чектөөлөр кортежтердин өтүү маалында гана киргизилет", - деп берилет маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















