Казакстандык алып баруучу Бек Шымат мушкер Мыктыбек Оралбай уулуна арнап ыр ырдады
Казакстандык алып баруучу, комментатор жана спорт жаңылыктарын ыр менен жеткирген Бек Шымат кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оралбай уулуна арнап ыр аткарды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында бөлүштү.
"Кечээги беттештеги жеңиштен кийин Мыктыбектин күчтүүлүгүнө күбө болгон эки өлкөнүн жакшылары! Жеңишиңер менен куттуктайм!" - деп жазды ал.
Бек Шымат өз ырында Мыктыбектин чынында мыктылыгын айтып, Оралбайдын уулу менен биз дагы бирге болдук, бүткүл казак эли колдодук, былтыр бир аз кырылышып кеткен элек, жетишет, мындан ары казак-кыргыз сыйлашып эле жүрө берели, талаада талашып көк бөрү ойнобой эле коёлу деп ырдаган.
Ошондой эле "Валентина гүлүң болуп, Мыктыбегиң уулуң болуп, уул-кыздарың жашай берсин, кыргызым" деп, эки элди ынтымакта болуп, талашып-тартышуудан алыс болууга чакырды.
Казакстандык алып баруучу Бек Шымат мушкер Мыктыбек Оралбай уулуна арнап ыр ырдады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















