Жаңы Достук айылынын тургундарына акысыз көмүр берилди
Чек ара аймактарынан жаңы конушка көчүп чыккан тургундарды ар тараптуу колдоо максатында Баткен облусунун башчысы Айбек Шаменовдун демилгеси менен "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте Жаңы-Достук айылынын тургундарына акысыз көмүр таркатылды. Жалпы 1380 кап көмүр жеткирилди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Белгилей кетсек, Баткен облусунун Баткен районунун Тажикстан менен алмашылган чек ара айылдарынан 181 кожолук Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Чет-Булак жерлигине курулган Жаңы-Достук айылына көчүп келип жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















