super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Австрияда электр мамыларын жаныбарлардын формасында жасоо сунушталды

 

Австрияда электр берүү линияларынын кадимки металл мамыларын өнөр чыгармага айлантуу боюнча жаңы долбоор сунушталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, "Austrian Power Giants" аттуу демилге Austrian Power Grid компаниясы тарабынан GP designpartners жана Baucon менен биргеликте иштелип, ар бир федералдык аймакты аймакты символдоштурган жаныбар формасындагы уникалдуу мамыга ээ кылууну көздөйт.

Азырынча эки аймактын үлгүлөрү даярдалды. Бургенланд үчүн жыл сайын учуп келчү ак куу тандалса, Төмөнкү Австрия үчүн анын символу болгон токоюндагы кеңири жайылган бугу тандалды. Миниатюралык моделдер Сингапурдагы Red Dot музейинде көргөзмөдө турат жана 2026-жылдын октябрына чейин коомчулукка көрсөтүлөт.

Долбоордун качан ишке ашары так айтыла элек. Бирок Austrian Power Grid компаниясы конструкциялар статикалык жана электрдик коопсуздук сыноолорунан ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, мындай мамылар келечекте чыныгы линияларга орнотулушу мүмкүн экенин билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: