Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен үч күнгө келет
Орусиянын президенти Владимир Путин 25–26–27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
“Сапар президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен өтөт жана эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот.
Сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралат.
Соода-экономикалык байланышты чыңдоого, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.
Сапардын жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө жана соода-экономикалык, каржылык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.
Орусия президентинин алдыдагы мамлекеттик сапары достукка, ишенимге жана өз ара колдоого негизделген кыргыз-орус мамилелерин мындан ары бекемдөөнүн маанилүү баскычы болуп калат", — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















