Трамп Маск түзгөн DOGE департаментин мөөнөтүнөн мурда таркатты
АКШнын федералдык өкмөтүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча департаменти ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө сегиз ай калганда таркатылды. DOGE деп аталган департаментти май айынын аягына чейин ишкер Илон Маск жетектеген болчу.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, аталган мекеменин милдети Кызматкерлерди башкаруу кызматына (OPM) өткөрүлүп берилди.
Май айында Илон Маск DOGE департаментинен кетип, Ак үйдөгү кызматын да тапшыра турганы маалым болгон. Бул чечим бюджеттик саясат боюнча администрация ичиндеги олуттуу пикир келишпестиктерден кийин кабыл алынган. Маск жетекчилик кылган мезгилде жүргүзүлгөн айрым кадамдар, тагыраагы, мамлекеттик кызматкерлерди массалык түрдө кыскартуу чечими коомчулукта жана адистер арасында катуу сынга алынган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















