Кыргызстандык жаштар эл аралык конкурста жеңишке жетишти
20–21-ноябрда өткөн "КМШ үчүн 100 идея" эл аралык сынагында КМШга мүчө сегиз мамлекеттен 50 инновациялык долбоор катышты. Сынакка өлкөлөрдүн эң мыкты, чыгармачыл жана демилгелүү жаштары эко-инновация, социалдык өнүгүү, технология, ишкердик жана башка тармактар боюнча өз демилгелерин сунушташты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын атынан жалпы 5 долбоор катышып, алардын арасынан Зайнишова Нураида жана Оксана Омуркулова тарабынан сунушталган долбоор "Рационалдуу табигый ресурстарды пайдалануу" номинациясында жеңишке жетишти.
Жеңүүчүлөрдүн ERID аттуу долбоору текстиль калдыктарын суюк төшөлмөгө кайра иштетүүнү максат кылат. Бул ыкма калдыктарды кайра пайдаланууну кеңейтүүгө жана экологиялык жүктү азайтууга багытталган инновациялык чечим катары жогору бааланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:32
2025-11-24
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















