super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Январдан баштап ЖККУнун башкы катчысы алмашат

 

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы 1-январдан тартып алмашат. Казакстандык Имангали Тасмагамбетовдун ордуна Кыргызстандын өкүлү Таалатбек Масадыков башкы катчы болот. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков брифингде билдиргенин орус басылмалары жазышты.

"27-ноябрда Бишкекте өтө турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына, албетте, учурдагы ЖККУнун башкы катчысы — казакстандык Имангали Тасмагамбетов катышат. Ал 1-январдан тартып бул кызматтан кетет. Анын ордуна секретариатты жетектөө кызматына Таалатбек Масадыков дайындала турганы буга чейин аныкталды. Ал — Кыргызстандын өкүлү, учурда ЖККУнун башкы катчысынын орун басары болуп иштеп келет. Ошондуктан бул кызматка өтүү процесси бир топ жигердүү болот деп ойлойбуз", - деп билдирди Ушаков.

Ушаковдун айтымында, бардык процедуралар аяктагандан кийин саммитте ЖККУнун кызматтан кетип жаткан башкы катчысы Тасмагамбетовду уюмдун биринчи даражадагы Ардак белгиси менен сыйлоо аземи өтөт, бул боюнча тиешелүү чечим кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: