Кытай–Япония мамилесинин курчушу: Тайван маселесинен улам 40тан ашык авиакаттам токтотулду
Кытай авиакомпаниялары Японияга багыт алган 40тан ашык авиакаттамды токтотушту. Бул тууралуу South China Morning Post жазды.
Каттамдар Киото, Осака сыяктуу популярдуу туристтик шаарларды кошкондо 12 багыт боюнча токтотулган. Мындай чечим Япониянын премьер-министри Санаэ Такаитинин Тайванды колдогон билдирүүсүнөн кийин кабыл алынган.
Эң көп каттамды Air China, China Eastern жана China Southern сыяктуу Кытайдын эң ири мамлекеттик авиакомпаниялары жокко чыгарышкан. Мындан тышкары алар Японияга көлөмү кичине болгон учактарды чыгарып, жүргүнчүлөрдүн агымын да азайтууда. Sina басылмасынын маалыматына караганда, 22-ноябрдан бери 16 авиакомпания Японияга жумасына 156 каттамга чейин кыскартты.
Пекин менен Токионун ортосундагы чыңалуу Япониянын премьер-министри Такаитинин Тайван айланасындагы кризис өлкө үчүн "экзистенциалдык коркунуч" жаратышы мүмкүн экенин айтып, бул абалда Япония өзүн-өзү коргоо укугун колдонууга тийиш деген билдирүүсүнөн кийин күчөдү.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Японияны "катасын тез арада оңдоп, туура эмес жолдон баш тартууга" чакырды. Пекин бул билдирүүлөрдү өлкөнүн ички ишине түздөн-түз кийлигишүү катары баалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















