super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Армения Бишкекте өтө турган ЖККУ саммитине катышпайт

 

Армения Бишкекте өтө турган ЖККУ саммитине катышпайт. Бул тууралуу Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдиргенин орус басылмалары жазышты.

Ал саммитте эл аралык жана регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулоо пландалып жатканын кошумчалады.

"Арменияга келсек, бул тарап катышпайт, бирок алардын өкүлдөрү уюштуруучуларга жолугушууда макулдашылган документтерди кабыл алууга каршы эмес экенин билдиришкен", — деди ал.

Эске салсак, 2024-жылы Армениянын премьер-министри Никол Пашинян баш болгон бийлик өкүлдөрү ЖККУга катышуудан убактылуу баш тартуу чечимдерин кабыл алып, айрым жыйындарга катышкан эмес. Ал эми 2025-жылдын март айында бул уюмду каржылоону токтоткон. Ал эми июнь айында Армения ЖККУ мүчөлөрүнөн Азербайжандын аракеттерине карата билдирүү жасоону талап кылып, болбосо уюмдан чыгуу чечимин кабыл аларын эскерткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: