Трамп менен Си Цзиньпин Украинадагы кырдаалды жана соода маселелерин талкуулашты
АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Украинадагы кырдаалды жана соода маселелерин талкуулады.
"Биз ар кандай темаларды талкууладык, анын ичинде Украинадагы кырдаал, фентанил экспорту, ошондой эле соя жана башка айыл чарба азыктары",- деп жазды Трамп дүйшөмбү күнү Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына.
Америкалык лидер ошондой эле кытайлык кесиптешинин 2026-жылдын апрелинде Пекинге келүү чакырыгын кабыл алганын жана анын ордуна Си Цзиньпинди АКШга чакырганын белгиледи.
"Биз тез-тез байланышуу маанилүү деп макулдаштык. Мен муну чыдамсыздык менен күтөм",- деп жыйынтыктады ал.
Чет элдик басылмалар Си Цзиньпин Трамп менен сүйлөшүүсүндө Пекиндин Тайвань маселеси боюнча принципиалдуу позициясын кайталап, Тайван Кытайдын ажырагыс бөлүгү экенин баса белгилегенин жазышты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















