Чүйдө УКТнын 2 мүчөсү кармалды
Чүйдө баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-ноябрда 35 жаштагы И.Анын сырт кийиминин капюшонунан белгисиз эки кара түстөгү буюмдар табылган. Алынган заттар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Экспертизада алынган зат кара куурай чайыры (гашиш) экенин аныктаган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө И.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турары жана мурда бир нече жолу соттолгону аныкталган. Ал баңгизатты ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган дагы бир адам, тагыраагы, Аламүдүн районунун Б.А. аттуу тургунунан сатып алганы такталган.
Натыйжада, Б.А.нын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда 5,6 грамм өлчөмүндөгү баңгизат табылган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Чүйдө УКТнын 2 мүчөсү кармалды
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















