super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Ысык-Ата" санаторийинде коррупциялык схема уюштурулганы аныкталды

 

"Ысык-Ата" санаторийинен алынган каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат санаторийдин айрым кызматкерлери өз кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ден соолукту чыңдоо жайынын кызыкчылыктарына каршы иш-аракеттерди жасап, белгиленген финансылык жол-жоболорду айланып өтүү аркылуу материалдык пайда алуу максатында калкка көрсөтүлгөн кызматтардан алынган каражаттарды системдүү түрдө уурдоону уюштурушканы аныкталганын белгиледи.

Тактап айтканда, санаторийдин кызматкерлери кардарлардын акы төлөө тартиби жөнүндө билбегендигинен пайдаланып, акча каражаттарын накталай түрдө алышкан, ошол эле учурда төлөм терминалдары аркылуу регламенттелген төлөмдөр жүргүзүлгөн эмес жана эсепке алуу журналдарында бейтаптар жөнүндө белгилер көрсөтүлгөн эмес.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында "Ысык-Ата" санаторийинин кызматкерлери С.Э., Э.А., А.Г. жана А.у.О. күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенишкен.






"Ысык-Ата" санаториясында коррупциялык схема уюштурулганы аныкталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: