Өкмөт башчы үгүт иштерине аралашкан кызматкерлер жумуштан алынганын билдирди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 25-ноябрда аппараттык кеңешмеде мамлекеттик кызмат органдарынын жетекчилерине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштерине аралашпоого дагы бир жолу эскертүү бергенин билдирди.
"Үгүт кампаниясы аягына чыгып баратат. Ошого карабастан, эскертүүгө көнбөй, үгүт ишине аралашкан айрым аймактардагы кызматкерлерди жумуштан алуу учурлары да болду.
Ар бир жаран өзү татыктуу деп эсептеген талапкерди - эч кимдин басымы, кийлигишүүсү же сатып алуусу жок, эркин тандоого тийиш. Биз эч бир талапкерди колдобойбуз жана сүрөбөйбүз. Эл өзү татыктуу деп шайлап берген депутат менен иштейбиз. Урматтуу мекендештер, сиздерди алдыдагы шайлоого активдүү катышып, тандоо кылууда жаңылбай, жоопкерчиликтүү болууга чакырам",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:57
2025-11-25
11:54
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















