АКШ: Украина боюнча тынчтык планындагы көпчүлүк пункттар макулдашылды
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы сунуштаган Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды токтотуу планындагы пункттардын көпчүлүгү макулдашылды. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт билдиргенин CNN жазды.
"Аз эле талаш маселе калды, алар боюнча командаларыбыз ишин улантууда",- деди Левитт.
24-ноябрда РБК-Украина басылмасы өз булактарына таянып жазгандай, Женевадагы жолугушууда украиналык жана америкалык делегациялар тынчтык планынын көпчүлүк пункттары боюнча макулдашып, талаш жараткан пункттардын бир бөлүгүн кайра иштеп чыгышкан.
Басылманын маалыматына ылайык, аймактар боюнча маселе жана НАТОнун курамына кирүү маселеси Зеленский менен Трамптын жеке жолугушуусунда талкууланат. Reuters агенттиги болсо, Зеленский ушул жуманын аягына чейин Вашингтонго барышы мүмкүн деп жазган.
Ал эми Левитт журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, АКШ президенти Дональд Трамп менен Украина президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу азырынча пландалбаганын белгиледи.
Axios басылмасынын маалыматына караганда, тынчтык планын Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Орусия президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев даярдашкан. Украина тарап бул иш-чарага катышкан эмес.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















