Кадамжайда Нургазиев каналын реконструкциялоо иштери башталды (фото)
Кадамжайда Нургазиев каналын реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Саамалыкка облус башчысы Айбек Шаменов баштаган жергиликтүү жетекчилер, айыл тургундары катышты. Баткен облусунун Кадамжай районунун Исхак Полотхан айыл аймагы менен Молдо Нияз айыл аймагынын Алга айылын аралап өткөн Нургазиев каналы 10 кубка кеңейтилет.
Жалпы узундугу 35 чакырым болгон каналдын курулушу Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жатат. Долбоордун суммасы 425 миллион 569 миң сом.
Каналдын суусу 5 миң гектар жерди сугарып келген. Курулуш иштери аяктаса 5 миң гектар жерге суу берүү жакшырып, 500 гектар жер жаңыдан өздөштүрүлөт.
Бул долбоорду 2029-жылы бүтүрүү пландалууда. Курулуш иштерин Кытай компаниясы менен ата мекендик компания аткарат.
Белгилей кетсек, канал 1978-жылы пайдаланууга берилип, учурда эскилиги жетип, суу жоготууга учурап, натыйжада суу тартыштыгы пайда болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:40
2025-11-25
14:57
2025-11-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















